Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

Министр төө буурчак маселеси боюнча Түркияга кетти


Айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери Равшан Жээнбеков менен Кыргызстанда өндүрүлгөн төө буурчакты сатуу маселесин сүйлөшүү үчүн бүгүн Түркияга кетти. Чет элдик ишкерлер менен соода багытындагы сүйлөшүүлөр 27-февралга чейин созулат. Бул тууралуу “Азаттыкка” министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Түркия өткөн жылдын сентябрында Кыргызстандан импорттоло турган төө буурчакка бажы төлөмдөрүн 19,3 пайыз көтөргөн. Мурда эч кандай төлөм алынган эмес. Айыл чарба министри жакында аны арзандатуу боюнча түрк өкмөтүнө кат жолдогон.

Өткөн айда оппозиция өкүлдөрү Түркияга барып, ал жактагы ишкерлер менен айыл чарба багытында кызматташуу маселесин талкуулашкан эле.

Дыйкандардын айтымында, азыр төө буурчактын бир килограммы 30-40 сомдун айланасында сатылууда. Өткөн жылы бул мезгилде 110 сом болчу.

Талас облусунда төө буурчакты өстүрүү жана экспорттоо менен 40тан ашык фирма алектенет. Учурда алардын 26сы экспорт иштерин алып барууда. Түшүмдү негизинен түрк ишкерлери алып кетет.

Былтыр төө буурчакты Нарындагы айрым фермерлер да айдап, азыр баасы чыкпай, мээнети акталбай жатканын "Азаттыкка" билдиришкен болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG