Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Айрым тоолуу унаа жолдор жабык турат


Жалал-Абад жана Ош облустарындагы айрым тоолуу унаа жолдор кар көчкүнүн айынан жабык турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Соңку эки күндө Жалал-Абад облусу боюнча Казарман - Ак-Талчат, Алабука - Жаңы-Базар - Кировка, Красная-Горка - Ак-Таш жана Ош боюнча Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолдоруна түрдүү көлөмдө кар көчкү түшүп, учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG