Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:56

Атамбаев өлкөнүн коопсуздугун талкуулады


Президент А.Атамбаев жана Коргоо кеңешинин катчысы Т. Жумакадыров. 24-февраль, 2015-жыл.

Президент А.Атамбаев жана Коргоо кеңешинин катчысы Т. Жумакадыров. 24-февраль, 2015-жыл.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн өлкөнүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Жолугушууда мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы иш-чаралардын жүрүшү, өлкөнүн коргоо саясаты жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу тармагындагы милдеттер талкууланды.

Коргоо кеңешинин быйыл карай турган маселелери тууралуу да сөз болду.

Темир Жумакадыров Коргоо кеңешинин катчысы болуп жаңы дайындалды. Буга чейин ал катчынын орун басары болчу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG