Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

Кумтөр: Сүйлөшүүгө Кыргызстандын эл аралык кеңешчилери катышууда


Кыргыз өкмөтүнүн эл аралык кеңешчилери жана "Центерранын" башкы юристи Франк Герберт Бишкекте жүрөт. Алар Кумтөр келишиминин долбоору боюнча сүйлөшүүнү улантат. Бул тууралуу бүгүн вице-премьер-министр Валерий Диль парламенттеги төрт комитеттин биргелешкен жыйынында билдирди.

"Центерра" өкүлдөрү өткөн айда да келип кеткен. Тараптар экологиялык маселелер, калдыктар жана башка бир топ суроолор боюнча орток пикир таба албай келүүдө.

Ал арада Кумтөр долбоору боюнча сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу өкмөттүн маалыматы бүгүн Жогорку Кеңештин төрт комитетинде каралып жатат. 26-февраль күнү жалпы жыйында талкууланат.

“Республика” фракциясы бул жаатта февралдын соңуна чейин чечим кабыл алынбаса өкмөттүн отставкасын талап кылары айтылган.

Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча кыргыз өкмөтү Канаданын Centerra Gold Inc ишканасы менен орток пикирге келе албай жатканына бир жылдан ашты. Мурдагы өкмөт 50/50 пайыз үлүш менен иштетүү келишимин сунуш кылып, парламент колдоп берген. Бирок азырынча натыйжа чыга элек. (EBM/SE)

XS
SM
MD
LG