Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:47

Ооганстандын түштүгүндөгү Забул шаарында белгисиз адамдар 30 шийит мусулманды уурдап кетишти. Коопсуздук күчтөрүнүн маалыматына караганда, хазар этникалык тобунун мүчөлөрү болгон адамдарды автобус менен Кандагардан Кабулга барчу жолдо күч менен алып кеткен.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, шийиттерди алып кеткендер аскер кийимчен, кара чүмбөтчөн адамдар болгон. Ооган полициясынын өкүлү Садик Садики бул адамдарды табуу боюнча колунан келген аракеттерди көрүп жатканын билдирди.

Окуя боюнча эч ким жоопкерчиликти ала элек. Ооганстанда шийиттерге каршы ар кандай кол салуулар катталып келет. Өлкөдө адам уурдап акча талап кылуу да кеңири жайылган көрүнүш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG