Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:15

Ош ОИИБ: Аялынын өлүмүнө шектүү жаран асынып өлдү


23-февралга караган түнү Кара-Суу районунун Осмон айылынын тургуну аялын сабап өлтүрүп, андан кийин өзү сарайга барып асынып алган. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ош облустук ИИБнин маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

- Үйгө мас болуп келип аялын сабап өлтүрүп алган. Анан өзү сарайга кирип асынып өлгөн. Бул боюнча кылмыш иш ачылды. Бирок кылмышка шектүүнүн өзү да каза тапканына байланыштуу иш кыскартылат, - деди Аширбаев.

Азырынча алынган маалыматтарга караганда күйөөсүнүн таягынан каза тапкан аял 43 жашта болгон. Экөөнүн үч баласы окуя болуп жаткан учурда эч кимден жардам сурабай ыйлап жүрө берген. Эң улуусу 9-класста окуйт.

Каза тапкан жубайлар кечээ күнү жерге берилди.

Ушул айдын башында да Ош шаарынын тургуну кызынын жүрүм-турумуна айыптап 40 жыл бирге жашаган аялын бычактап өлтүргөнүн милиция кабарлаган. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG