Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:19

Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы "АзияУниверсалБанктын" ээси Михаил Наделди сыртынан соттоп, арам акчага байланыштуу кылмыштарга тиешеси бар деп айыптап, жалпысынан 30 жылга эркинен ажыратуу, мүлкүн мамлекетке чегерүү өкүмүн чыгарды. Өкүм 21-февралда чыкканын бүгүн Жогорку Соттон кабарлашты.

Ошондой эле "КыргызКредитБанктын" директорлор кеңешинин мурдагы жетекчиси Сергей Ким да каржылык кылмыштар үчүн айыптуу деп табылды жана 13 жылга сыртынан соттолду.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев менен бирге каржылык кылмыш жасаган деп айыпталган эки жаран тең Кыргызстандан качып кеткен. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG