Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:08

Токтогул ГЭСинин бузулган агрегаты апрелде оңдолот


Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү учурда 7 млрд 297 куб метрди түзүп жатат

Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү учурда 7 млрд 297 куб метрди түзүп жатат

Токтогул ГЭСинде өткөн жылдын ноябрь айынан бери бузук турган бир агрегат быйыл апрель айында оңдолуп, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди. Анын айтымында, бузулган агрегат 1974-жылы Украинадагы трансформатор заводунан чыккан. Оңдоо иштерин ошол заводдун адистери жүргүзөт. Алар Кыргызстанга февралдын соңунда келет. Түзөтүү иштерине 579 679 доллар сарпталат.

Учурда Токтогул ГЭСинде үч агрегат иштеп жатат. Суунун көлөмү 7 миллиард 297 куб метр. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG