Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Ошто эл биометрикалык маалыматтарды тапшыруу тартибинен кабарсыз


Бул тууралуу бүгүн биометрикалык маалымат топтоонун көйгөйлөрү боюнча Ошто өткөн тегерек столдо бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү билдиришти. Алар өздөрүнүн биометрикалык маалыматтарын эмне үчүн тапшырышы керек экенин түшүнбөгөн жарандарга жеткиликтүү жана ынанымдуу маалыматтардын жетишсиз болуп жатканын сындашты. Ал эми биометрикалык маалыматтарды топтоо өнөктүгүн уюштуруп жаткан Ош шаардык жана облустук паспорт виза кызматынын жетекчилери элдин маалыматын топтоо заман талабы деп түшүндүрүштү. Андан сырткары биометрикалык маалымат эскирген каттоо системасын алмаштырарын, жарандар тууралуу маалыматтарды алуу жана берүү иштери жөнөкөйлөрүн, паспорт берүүдөгү коррупциянын жоюлушуна жардам берерин түшүндүрүштү.

Өлкө боюнча 2.5 миллиондон ашык жарандын биометрикалык маалыматы чогултулган. Азыр чогултулуп жаткан биометрикалык маалыматтар келерки шайлоого колдонулбай турганы айтылып келет. Ал эми жаңы биометрикалык паспорттор келерки ажы сапары башталгандан тарта берилет. Ал эми 2016-жылдан тарта биометрикалык паспорт массалык түрдө бериле баштамакчы.(YI)

XS
SM
MD
LG