Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:51

ЕБ Грецияга финансылык жардамды улантууга макул болду


Греция менен Евробиримдиктин желектери

Греция менен Евробиримдиктин желектери

Евроаймакка кирген өлкөлөр Грецияга финансылык жардамды улантуу чечимин кабыл алышты. Мындай чечим шейшембиде биримдикке мүчө өлкөлөрдүн финансы министрлеринин телефон аркылуу өткөргөн конференциясында кабыл алынды. Бул тууралуу Еврокомиссиянын төрага орун басары Валдис Домбровскис Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.

Эми бул чечимди Евроаймактын парламенттери бекитиши керек.

Ага чейин Эл аралык Валюта корунун директору Кристин Лагард Греция өкмөтү сунуштаган план мурдагы жардамды улантууга негиз берерин билдирген. Лагард планда айрым кемчиликтер бар экенин дагы эскерткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG