Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

Назарбаев экстремизмге каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылды


Казак президенти 24-февралда болгон Коопсуздук кеңешинин жыйынында диний-экстремисттик, террористтик коркунуч ааламдын кооптуу маселеси болуп жаткан учурда терроризмге каршы күрөштү күчөтүү зарыл деп айтты. “Коомчулукка бул тууралуу туура маалымат жеткирүү элдин экстремизмдин идеологиясына каршы туруусуна өбөлгө боло алат” деди Нурсултан Назарбаев.

Назарбаев ошондой эле өкмөт менен жергиликтүү бийликтерден экономикалык абалды кылдат талдап, аны жакшыртууга тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылды. Бул тууралуу Ак ордонун маалымат кызматы кабарлады.

Казакстан жарандары Сириядагы согушка көп агылып жаткан өлкөлөрдүн бири.

XS
SM
MD
LG