Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Анапияевдин жөкөрү кармалганы кабарланууда


18-февралда Минск шаарында өлтүрүлгөн Алманбет Анапияевдин жакын жөкөрлөрүнүн бири, 25 жаштагы Гүлжигит аттуу адам кармалып, сурак берүүдө. Бул тууралуу Анапияевдин адвокаты билдирди. Анын айтуусунда Гүлжигит Минскиге Анапияев менен чогуу учуп барган, бирок ал киши колдуу болору менен жок болуп кеткен. Ошондой эле тергөө Анапияевдин өзү да Минскиге эмне үчүн келгенин иликтеп жатат.

Адвокаттын айтуусунда Алманбет Анапияевдин сөөгү мекенине качан апкелинери белгисиз, анткени экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.

18-февралда Беларустун борбору Минск шаарында Алманбет Анапияев киши колдуу болгон. Анын жанынан Алмазбек Шакиров аттуу кыргызстандык жаранга таандык паспорт табылган. Кийинчерээк паспорт жасалма экени, андагы сүрөт Алманбет Анапияевге таандык экени аныкталган. Киши колдуу болгон адамдын сөөгү Алманбет Анапияевге таандык экенин маркумдун туугандары тастыкташкан. Алмамбет Анапияев бир топ оор кылмыштарга шектелип, 2011-жылдан бери Интерпол аркылуу издөөгө алынган. Ал Дубайда жашырынып жүргөнү маалымдалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG