Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:16

Кафе-ресторандардагы тамак-аш текшерилет


Кафе-ресторандардагы тамак-аш текшерилет

Кафе-ресторандардагы тамак-аш текшерилет

Санэпидкөзөмөл борбору Ветеринария кызматы менен биргеликте өлкө аймагындагы кафе-ресторандарда даярдалып жаткан тамак-аштарды текшерет. Бул үчүн Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү башкармалыгынан уруксат алуу боюнча кат жолдонду. Текшерүү өткөрүүгө Чүй облусунда эшек союп саткандар тууралуу чыккан маалымат негиз болду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ооруну алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин тамак-аш бөлүмүнүн жетекчиси Токтогул Базарбаев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын аймагында эшек этин жана андан жасалган тамак сатууга тыюу салынган.

Шейшемби күнү журналисттер тарабынан Бишкектин четиндеги Манас айылында жайгашкан сарайда ондогон эшек союлуп, сатыкка даярдалганы аныкталган. Алдын ала божомолдорго ылайык, эт кафе-ресторандарга өткөрүлгөн болушу мүмкүн. (SE\KE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG