Ош - Бишкек унаа жолуна бүгүн эртең менен түшкөн таш көчкүдөн улам жол бир багытка жабылып, тазалоо иштери уланууда. Көчкү Чүйдүн Жайыл районуна караштуу Тунук айылынын аймагына түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок. Ташты тазалоо иштерине Жолдорду эксплуатациялоочу мекеме тарабынан 1 жүктөгүч жана 2 самосвал унаалары тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. (SE)