Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Эшек этин саткандар боюнча кылмыш иши козголо элек


Кыргызстан, Алайкуу аймагы
Кыргызстан, Алайкуу аймагы

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгы эшек этин сатып жаткандарга байланыштуу кылмыш иш козгой элек. Азырынча окуя иликтенип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган мекеменин басма сөз катчысы Шакир Мусаров билдирди. Анын айтымында, башкармалыкка бул тууралуу Сокулук райондук милициясынын иликтөөсү 24-февралда гана берилген:

- Эшек союп сатып жаткандар тууралуу кабар дүйшөмбү күнү жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккандан кийин гана бул боюнча иш бизге өткөрүлүп берилди. Азырынча кылмыш ишин козгой элекпиз,- дейт Мусаров.

Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы эшек сойгондор тууралуу иш иликтенип, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгына февралдын башында эле өткөрүлүп берилгенин билдирген болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG