Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

“Ислам мамлекетинин” сайтын негиздеген тажик жараны кармалды


"Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун видеосунан кадрлар
"Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун видеосунан кадрлар

Бул тууралуу орус маалымат каражаттары Москванын укук тартибин коргоо органдарына шилтеме берип жазышты.

ТАСС маалымат агенттиги билдиргендей, 25-февралда Москванын түндүк-батышында “Ислам мамлекетинин” интернеттеги баракчасын түздү деген жүйө менен кармалган адам тажик жараны болуп чыкты.

Өзү түзгөн баракчада ал экстремисттик мүнөздөгү радикал топтун идеологиясын жана ишмердүүлүгүн пропагандалаган, терроризмге чакырган видеотасмаларды жайгаштырып турган.

Орус бийликтери жүздөгөн орус жарандары Кавказдан жана Борбор Азиядан чыкккандар менен биргеликте Ирак жана Сириядагы “Ислам мамлекети” радикал тобунун согушкерлеринин катарында жүргөнүн маалымдап келет.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Орусияда расмий түрдө террорчул уюм деп табылган.

XS
SM
MD
LG