Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Балыкчы шаарында тарыхый-мемориалдык комплекс курулат


Комплекс үчүн сунушталган долбоорлордун бири
Комплекс үчүн сунушталган долбоорлордун бири

Балыкчы шаарынын кире беришине, азыркы экологиялык пост турган жерге этно-тарыхый мемориалдык комплекс курулат. Анын долбоорун тандап алуу боюнча сынак бүгүн Каракол шаарында өттү. Комиссиянын кароосуна 12 долбоор коюлду. Талапка ылайык, комплекске облустагы туристтик жайлар боюнча маалымат борбору, мейманкана, сейил бак жана көл аймагынан чыккан 7 инсандын эстеликтери камтылышы керек. Тандалып алынган долбоорго 100 миң сом сыйлык каралган.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев белгилегендей, мемориалдык комплекстин курулушу келерки жылы башталышы мүмкүн. Анын айтымында, биринчи этапта долбоор аныкталып, каражаты такталат. Андан соң өкмөткө белгиленген сумманы бөлүү сунушу киргизилет. Эгер өкмөт жетиштүү каражат бере албаса, демөөрчүлөрдү издөө сунуштары да айтылды. (AsA)

XS
SM
MD
LG