Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунда жайгашкан Жыргалаң айыл аймагындагы тоодон түшкөн кар көчкүдөн орусиялык жаран Вера Кусакова каза тапты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматына ылайык, кырсык бүгүн саат 12:45те болгон.
Кусакованын жашы болжол менен 30да экени айтылууда. Жыргалаңга эмне үчүн барганы азырынча маалым эмес. Маркумдун сөөгүн ӨКМ куткаруучулары тапкан. (SE)