Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:40

Ооганстанда кар көчкүдөн 29 адам набыт болду


Дагы 30дай адам дайынсыз жоголууда. Бул тууралуу Ооганстандын түндүк-батышында жайгашкан Панжшер провинциясынын бийликтери билдирди. Алардын айтымында Дарах жана Базарак айылдарында 25-февралда жүргөн кар көчкү ондогон үйлөрдү басып калган.

Чөлкөмдө бир нече күндөн бери тынбай жааган кардан, бир топ жолдор тосулуп калган.

Мындан улам тоо этегиндеги жабыркаган айылдарга жетүүгө куткаруучуларга тоскоолдуктар жаралууда.

Жергиликтүү калк жардам келгичекти өз күчтөрү менен кар көчкүдөн жоголгондорду издөөнү улантышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG