Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Ошто соттолуп жаткан киши сот залынан качты


Маңзатты мыйзамсыз сактаган жана саткан деген шек менен айыпталып, сот жообуна тартылып жаткан 37 жаштагы Манап Каюпов бүгүн саат 16:45 чамасында сот залынан качып кеткен. Буга байланыштуу Ош шаарынын жана облустун ичинде “Сирена” операциясы жарыяланып, издөө иштери башталды.

Бул тууралуу Ош облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирип, жарандарды шектүү кылмышкерди кармоого көмөктөшүүгө чакырган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG