Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:28

Керри Орусияга санкциялар кеңейерин эскертти


АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусия президенти Владимир Путинди “улам жаңы аймактарды басып алуу менен” Украинада туруксуздук орнотуп жатат деп айыптады. Керринин айтуусунда, Москва менен жикчилдер ай башында жетишилген келишимдин шарттарын аткарышкан жок. “Бүгүнкү күнгө чейин Орусия да, жикчилдер да келишимдеги милдеттерин аткарышкан жок” деген Керри бул көрүнүш улана берсе, Орусияга карата санкциялардын жаңы түрлөрү киргизилиши ыктымалдыгын эскертти.

АКШ жана батыш өлкөлөрү Орусияны Украинадагы жикчилдерди курал менен жабдып турат деп айыптап келет. Орус бийлиги муну караманча танууда.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG