23-февралга караган түнү Санкт-Петербург шаарындагы ооруканалардын бирине 50 жаштагы кыргызстандык жаран бычак жеп түшкөн. Көп өтпөй ал оорукананын реанимация бөлүмүндө көз жумган. Дарыгерлердин билдирүүсүндө маркум мас абалында болгон. Видеокөзөмөлдөгү тасмада ага 18-25 жаштардагы эки адам кол салганы көрүнүп калган. Учурда полиция кыргызстандык жарандын өлүмүнө шектүүлөрдү издөөдө.
Бул иш боюнча азыркы тапта Санкт-Петербургдагы кыргыз консулдугу да иликтөө жүргүзүп, маркумдун туугандарын издеп жатканын Орусиядагы кыргыз элчилигинен билдиришти.(ZKo)