Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:10

Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы 550 борбор иштөөдө


Бүгүнкү күндө Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу багытында иштеген 550 борбор бар. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты. Аталган мекеме өкүлдөрү БУУнун Женевада өткөн жыйынында аялдардын укугун коргоо, аларга карата зомбулукту токтотуу жаатында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат берди.

Жыйында Кыргызстанда кыз ала качуу үчүн жаза катуулаганы, үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендер боюнча маалымат жалпыланып, тактала баштаганы жакшы жылыш катары бааланды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG