Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

Парламент жетекчиси маалыматтык коопсуздук маселесин көтөрдү


Жогорку Кеңештин жыйындар залы
Жогорку Кеңештин жыйындар залы

Парламенттин коопсуздук жана билим маселелери боюнча комитеттери Кыргызстандагы маалыматтык коопсуздукту көзөмөлгө алуусу керек. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди. Ал парламенттин ишмердүүлүгү бир жактуу сындалып жатканын айтып, ушул дүйшөмбү күнү Коомдук каналдан эфирге чыккан көрсөтүүнү мисал келтирди:

- Жогорку Кеңеш идеалдуу деп айтуудан алысмын, кемчиликтер көп. Жакшы болгонго аракет жасап жатабыз. Бирок Коомдук телевидениенин убактысы менен пайдаланып, 100% чет мамлекет каржылаган маалымат каражаты мамлекетке каршы саясат жүргүзгөнү болбойт. Бирөө муну көзөмөлдөшү керек, - деди парламент жетекчиси.

Ушул дүйшөмбү күнү Коомдук каналдын эфирине "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" программасында Жогорку Кеңеш депутаттарына мамлекеттен бөлүнгөн каражат тууралуу атайын иликтөө чыккан.

Анда "Жыл сайын элден чогулган салык эсебинен парламентке 800 миллион сомго жакын каражат бөлүнөт, жогорку маяна, кызматтык унаа, үй жана башка түзүлгөн ыңгайлуу шарттарды эл өкүлдөрү актап жатабы?" деген суроо коюлган. Иликтөө расмий фактылардын, статистикалык маалыматтардын, депутаттардын өзүлөрүнүн интервьюларынын негизинде жүргүзүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG