Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Салянованын күйөөсүнө расмий айып тагылды


Экс-баш прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Көзбоёмочулук” беренеси менен айып тагылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Бакыт Абдыкапаровго январь айында “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Мамлекетке өзгөчө ири зыян келтирүү” беренелери боюнча кылмыш иши ачылган.

Абдыкапаров өзүнө тагылган айыптарды четке каккан. Иликтөө иштеринин толук жыйынтыгы менен УКМК 27-февралда маалымат берерин айтууда.

Былтыр 20-декабрда УКМК бир канча кишиден турган топ “Тазалык” ишканасына козголгон кылмыш ишин кыскартып беребиз деп алдоо жолу менен 50 миң доллар алганын кабарлаган. УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” “Күбөлөрдүн баары алардын арасында Бакыт Абдыкапаров да болгон деп көрсөтмө беришүүдө. Учурда иликтеп жатабыз” деп билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG