Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:29

ЕАЭБ инспекторлору: Кыргызстан колбаса экспорттоого даяр эмес


ЕАЭБ адистери Кыргызстандын колбаса цехтерин текшерди

ЕАЭБ адистери Кыргызстандын колбаса цехтерин текшерди

Бажы биримдигинин инспекторлору Кыргызстанда чыгарылган колбаса азыктары азырынча экспорт кылууга жараксыз экенин айтышты. Алар текшерүү учурунда продукцияга чыгарылган мөөнөтү, курамы толук жазылбай турганын, колбасага эт аз өлчөмдө пайдаланыла турганын аныкташкан. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсузудк боюнча адистер бүгүн Бишкекте маалымат жыйынында айтышты.

Текшерүү жыйынтыгына ылайык, «Баркад», SherInc, «Чабрец»,«Риха» сыяктуу эт азыктарын чыгаруучу ишканалар жана жарым-жартылай эт продукцияларын өндүргөн «Кант нан заводу» ишканасынын иши талаптарга жооп бербейт.

Аталган ишканалар азырынча комментарий бере элек.

Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин адистеринен турган инспекторлор тобу Кыргызстанга өткөн жумада келген. Алар беш багытта текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Кыргызстанда колбаса чыгарган ондогон цех бар. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG