Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:45

АКШ Савченко боюнча сот чечимине камтамачылык билдирди


Москва соту Савченкону камакта калтыруу чечимин чыгарды

Москва соту Савченкону камакта калтыруу чечимин чыгарды

АКШ бийликтери украиналык учкуч Надежда Савченконун камактагы мөөнөтүн узарткан орус сотунун чечимине терең камтамачылыгын билдирди. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө айтылат. Анда учкучтун 75 күндөн бери ачкачылык кармап жатканы эскертилип, анын саламаттыгы начарлап баратканына көңүл бурулган. "Кандай гана болбосун Савченконун Орусияда кармалып, камакка алынышы мыйзамга жатпайт” деп айтылат билдирүүдө.

Москва шаардык соту кечээ Савченконун камактагы мөөнөтүн 13-майга чейин узарткан чечимди күчүндө калтырган эле.

Украин армиясынын учкучу орусиялык эки журналисттин өлүмүнө катышы бар деп Орусияда айыпталууда.

Савченко Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилер тарабынан былтыр июнда кармалып, Орусияга июлда өткөрүлүп берилген. Бирок учкуч Орусия аны мыйзамсыз кармап турганын айтып, он бир аптадан бери ачкачылык кармап жатат.

Буга чейин Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы Савченкону бошотууга чакырган. Надежда Савченко “Батькивщина” партиясынан депутаттыкка шайланган эле.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG