Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:38

Караколдо электр тарифине нааразылар бийликке кат жолдоду


Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтери өзгөрдү

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтери өзгөрдү

Электр баасы жогорулагандан бери Караколдогу кабат үйлөрдө жашагандарга жарык үчүн төлөм кагаздары ири суммада келип жатканын, айрым дүмүрчөктөрдө 10 миң сомго чейин жазылганын бүгүн "Азаттыкка" шаардагы жеке ишкерлер профсоюзунун төрайымы Атыркүл Сабырова билдирди.

Анын айтымында, быйыл кышта кээ бир үйлөргө жылуулук берилген жок жана тургундар үйүн жылытып, тамак-аш жасоого электр энергиясын пайдаланып жатат.

Атыркүл Сабырова бул маселе боюнча тургундардын арызынын негизинде президентке, өкмөт башчыга жана парламент төрагасына кат жолдонгонун айтты.

Ал эми өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев мындай нааразылык негизсиз деп атап, калаада 20-25% гана жашоочулар электрди лимиттен жогору колдонуп жатканын, 70% 700 киловатт/саатка чейин белгиленген бааны төлөп жатканын билдирди.

Жаңы тарифке ылайык, февраль айынан баштап электр энергиясын 700 кВт/сааттан ашык колдонгондор 1 сом 82 тыйындан, ал эми электр кубатын өндүрүшкө пайдалангандар 1 сом 97 тыйындан төлөй баштайт. 700 кВтка чейинки баа 70 тыйын. (AsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG