Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:54

Аманбаевага таандык деген жайдан сойкукана табылды


Оштогу "Жетиген" комплексине кирген дүкөн

Оштогу "Жетиген" комплексине кирген дүкөн

Ошто Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Урмат Аманбаевага таандык экени айтылган “Жетиген” эс алуу комплексинен сойкукана табылып, ал жерде иштеген кыздар кармалганын Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы билдирди. Сойкукана менчик ээсине карайбы же ижарага алгандар иштетеби, азырынча белгисиз. Иликтөө уланып жатат.

Факт боюнча «Жетиген» саунасынын администраторуна (33 жаштагы аял) кылмыш иши козголду. Ош шаардык соту аны өлкөдөн чыгып кетпөө тууралуу тил каттын негизинде тергөө бүткөнгө чейин бошотту.

Парламентте “Республика” фракциясынан депутат болуп турган Урмат Аманбаевага өткөн жылы “коррупциялык иштерди жасаган” деген шек менен кылмыш иши козголгон. Быйыл январда БШК аны депутаттык мандатынан ажыраткан. (YI)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG