Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

ЮНЕСКО Иракта тарыхый эстеликтердин кыйратылышын сынга алды


Согушкерлер искусство буюмдары динге каршы келерин айтышат
Согушкерлер искусство буюмдары динге каршы келерин айтышат

Уюмдун башкы директору Ирина Бокова бул боюнча чукул билдирүү жасап, “атайылап жасалган чабуул” деп айыптады. Ал ошондой эле билдирүүсүндө БУУнун коопсуздук кеңешине Ирактын маданий мурастарын коргоп калуу маселесин кароону сунуштаганын жазды.

Бейшембиде “Ислам мамлекети” террордук тобу Ирактын түндүгүндө байыркы тарыхый эстеликтерди талкалап жаткан тасманы интернетке жайгаштырды. Беш мүнөттүк тасмада кара кийимчендер барскан менен Мосул шаарындагы музейдеги айкел, скульптураларды талкап жатканы көрсөтүлгөн. Бул шаарды согушкерлер былтыр июнь айында басып алган.

XS
SM
MD
LG