Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:37

Шаршемби күндүз oMen арт-тобунун бир нече мүчөсү өздөрүн Прагадагы элчиликтин темир кашаасына кишендеп салышты. Андан тышкары бир катар антиорусчул чакырыктар жазылган кагаздарды кашаага чапташкан. Белине чейин жылаңачтанган активисттер денесине украин желегинин сүрөтүн тартып алышкан. Чех полициясы келип, акциянын катышуучуларын “бошотуп”, полиция участогуна алып кеткени айтылат.

Ал эми oMen арт-тобунун басма сөз катчысы Якуб Ярештин айтуусунда активисттер Прагадагы Орусиянын элчиси Сергей Киселевге кат беришти. Анда Орусияны Украинадагы зомбулукту токтотуу талабы жазылган.

oMen арт-тобу өткөн жылы ноябрь айында Чехиянын премьер-министри Богуслава Соботканын маалымат жыйынына белкурчоосуна чейин жылаңачтанып кирип барып, өкмөт башчыдан Путинге жардамдашууну токтотуп, демократияны коргоону талап кылышкан эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG