Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:11

Алманбет Анапияевдин сөөгү Ошко алып келинди


Бүгүн таңга жуук Москва-Ош каттамындагы учак менен 18-февралда Беларуста өлтүрүлгөн Алманбет Анапияевдин сөөгү алып келинди. Туугандары сөөктү түз эле кичи мекени Чоң-Алайдын Жекенди айлына алып кетишти. Бул маалыматты Ош облустук ИИБнын басма сөз кызматы тастыктады. Айрым маалыматтар боюнча Анапияевдин сөөгү бүгүн жерге берилет.

18-февралда Беларустун борбору Минск шаарында Алманбет Анапияев киши колдуу болгон. Киши колдуу болгон адамдын сөөгү Алманбет Анапияевге таандык экенин маркумдун туугандары тастыкташкан. Алмамбет Анапияев бир топ оор кылмыштарга шектелип, 2011-жылдан бери Интерпол аркылуу издөөгө алынган эле.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG