Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

Өзгөндө Сары-Таш кени боюнча эл менен жолугушуу өттү


Мамлекеттик геология агенттигинин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев Өзгөн районунун тургундары жана Сары-Таш кенин иштетип жаткан компаниялардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Агенттиктин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушууга 150дөй киши катышты.

Кен иштеткен компаниялар жергиликтүү тургундар менен социалдык пакет боюнча пикир келишпестиктер орун алганын, каржылык жардам үчүн өтө көп каражат суралып жатканын айтышты. Дүйшөнбек Зилалиев мындай маселелер сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши керектигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында кен иштетүүчүлөр түзгөн "Сары-Таш" ассоциациясы аркылуу жардам көрсөтүлмөй болуп, эң алгач Куршаб - Жалпак-Таш унаа жолунун 10 чакырымын оңдоо чечими кабыл алынды.

Сары-Ташта акиташ кени өндүрүлөт. (RK)

XS
SM
MD
LG