Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

“Электр станцияларынын” ишине байланыштуу кылмыш иш козголду


УКМК: Бишкек ТЭЦине көмүр сатып алууда мыйзам бузулду
УКМК: Бишкек ТЭЦине көмүр сатып алууда мыйзам бузулду

Бишкек шаардык Жылуулук борборуна көмүр сатып алуу боюнча коррупциялык иштер аныкталып, бул үчүн “Электр станциялары” ишканасынын айрым жетекчи кызматкерлерине карата кылмыш иш козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Тергөөнү Башкы прокуратура менен атайын кызмат бирге жүргүзүп жатат. Маалыматка ылайык, өкмөт 2014-жылы Кавак көмүр кенинен ТЭЦ үчүн 400 миң тонна көмүр сатып алууну аталган ишканага тапшырган.

Мурда жарыяланган тендер өткөрүлбөй калып, “Электр станциялары” ишканасы мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам талаптарын бузуп, тоннасы 2350 сомдон бааланган көмүрдү 2500 сомдон сатып алганы аныкталган. УКМКнын билдиришинче, айырма 50 миллион сомдон ашкан.

“Электр станциялары” ишканасынан бул боюнча азырынча комментарий бериле элек. (SE)

XS
SM
MD
LG