Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:15

АКШ элчилигинин жанындагы пикет аяктады


Клара Ажибекова митинг учурунда. 27-февраль, 2015-жыл. Бишкек.
Клара Ажибекова митинг учурунда. 27-февраль, 2015-жыл. Бишкек.

Орусиянын жактоочулары Бишкектеги АКШ элчилигинин жанында уюштурган пикетин аяктап тарап кетишти. Бүгүн эртең менен 30га жакын киши жаңы элчинин дайындалышына жана АКШ саясатына каршы акцияга чыккан. Арасында Кыргызстандын Коммунисттер партиясынын жетекчиси Клара Ажибекова жана башка пенсионерлер бар болчу. Алар колуна Орусияны жактаган, орус-кыргыз кызматташтыгына артыкчылык берген маанайдагы плакаттарды кармап турушту.

Акция катышуучулары айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында “АКШ Кыргызстанда үчүнчү революция даярдап жатканы” тууралуу жазылган макалалардан улам митингге чыкканын айтышты.

Мурдагы элчи Памела Спратлендин мөөнөтү бүтүп кеткенине байланыштуу анын ордуна АКШ бийлиги Шейла Гволтнинин талапкерлигин көрсөткөн. Аны Сенат бекиткенге чейин Ричард Майлз февралдын башында убактылуу элчинин милдетин аткаруу үчүн келген. (SE)

XS
SM
MD
LG