Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:40

Беларус Атамбаевдин билдирүүсүн сынга алды


Беларус Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтындагы билдирүү

Беларус Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтындагы билдирүү

Беларус Тышкы иштер министрлиги кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин расмий Минскке кайрылуусуна комментарий берүүгө кажет жок экенин билдирди. Министрликтин расмий сайтына жарыяланган маалыматта Атамбаевдин кайрылуусу эмоционалдуу мүнөздө экени жана цивилизациялуу мамлекеттин башчысынын деңгээлиндеги билдирүү эместиги айтылат.

- Кылмыш иштерине эл аралык нормалардын негизинде баа берилиши керек. Ар бир заманбап мамлекеттин Конституциясында жана мыйзамдарында соттун чечими чыкмайынча бирөөнү кылмышкер деп атоого болбой турганы жазылат. Ал эми сыртынан өкүм чыгаруу - Кыргызстандын сот адилеттүүлүгүнө карата өз алдынча мамилеси,- деп айтылат расмий билдирүүдө.

Ошондой эле Анапияевдин өлүмүнө шектүүлөрдү кармоо боюнча Беларус күч органдарды керектүү чараларды көрүп жатканы да айтылат.

Кримтөбөл деп айтылып жүргөн Алмамбет Анапияевдин Минскте өлтүрүлүшү боюнча күбөнүн көрсөтмөсү менен Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Жаныш Бакиевди жана анын жан жөкөрлөрүн күнөөлөгөн.

Ушундан улам Алмазбек Атамбаев 26-февраль күнү Беларус бийлигинен өз мекенинде оор айып тагылып соттолгон, эл аралык издөөдө жүргөн ага-ини Бакиевдерди өткөрүп берүүнү талап кылган билдирүү жасаган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG