Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Сот учурунда тополоң уюштургандар соттолду


Кара-Кече көмүр кениндеги окуядан кийин каза тапкан Айбек Мамбеталиевдин 16 тарапкери соттолуп жаткан эки милиционерге өрт койду, бирөөнү өлтүрдү деген негиз менен соттолду. Жогорку Соттун маалыматына караганда, Токмок шаардык соту алардын үчөөнү 16 жылдан 19 жылга чейин, бирөөнү 5 жылга эркинен ажыратты. Калган 12 киши эки жылдан шарттуу кесилди.

2013-жылы 1-декабрда Кара-Кече көмүр кенинде Чаек айылынын тургуну Айбек Мамбеталиев менен үч милиционердин ортосунда чыр чыккан. Кийин ал ооруканада каза тапкан.

Чүйдүн Кемин районунун соту Мамбеталиев милиционерлердин ур-токмогунан каза тапты деп алардын экөөнү 25-февралда ар бирин 15 жылдан эркинен ажыраткан.

Былтыр соттук териштирүү жүрүп жатканда Мамбеталиевдин туугандары соттолуучу милиционерлерге өрт коюп, тополоң учурунда бир милиционер сот залынан качып чыгып Нарын суусуна түшүп кеткен. Анын сөөгү кийин табылган. Токмок шаардык сотунун өкүмү мына ушу жагдайга байланыштуу чыкканын бүгүн Жогорку Соттон кабарлашты. (SE)

XS
SM
MD
LG