Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Мусулмандар лигасынын баш катчысы Кыргызстанга келет


Дүйнөлүк мусулмандар лигасынын баш катчысы Абдулла бин Абдил Мухсин Турки Кыргызстанга иш сапар менен келет. Бул тууралуу ал Меке шаарында өтүп жаткан “Ислам дини аркылуу терроризм менен күрөшүү” аттуу эл аралык конференцияда билдирди. Аталган жыйынга Кыргызстандан муфтий Максатбек ажы Токтомушев менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиев барган.

Сауд Арабия падышачылыгы уюштурган жыйын 22-февралдан бери уланууда. Ага түрдүү мамлекеттерден 400дөн ашуун дин аалымдары чакырылган. Жыйын бүгүн аяктайт.

Дүйнөлүк мусулмандар лигасынын баш катчысы кыргызстандык өкүлдөр менен өзүнчө баарлашып, экстремизмге каршы чаралар тууралуу сүйлөштү. Кызматташууну чыңдоо максатында жакында Кыргызстанга келерин билдирди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады. (SE)

XS
SM
MD
LG