Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:58

Президент оң рулдуу унааларга тыюу салган мыйзамга кол койду


Президент Алмазбек Атамбаев өлкөгө оң рулдуу автоунааларды киргизүүгө тыюу салган мыйзамга кол койду. Ага ылайык, оң рулдуу унаалардын өлкөгө киришине толугу менен тыюу салынат. Бул чектөө үч айдан кийин күчүнө кирет. Мыйзам долбоору парламент тарабынан 28-январда кабыл алынган.

Мыйзамды демилгелеген ИИМ өлкө аймагындагы жол кырсыктарынын көбү оң рулдуу унаалардын айынан болуп жатканын жүйө келтирген.

ИИМдин маалыматы боюнча, өлкөдөгү оң рулдуу унаалардын саны 200 миңге жакын. Бул сан өлкөдөгү жеңил унаалардын 35 пайызын түзөт.(UEz)

XS
SM
MD
LG