Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:07

Песков: Немцовдун өлүмү буюрутма жана чагым


Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков оппозициялык саясатчы Борис Немцовдун өлүмү буйрутма жана чагымчыл мүнөздө деп билдирди. Ал кол салууга Кремлдин тиешеси бар деген божомолду четке какты.

Немцовдун киши колдуу болушуна көптөгөн өлкө жетекчилери кабатырлануу билдиришти. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри "Орусия бийлиги кылмышкерлерди таап, тез арада сотко өткөрүп бериши керек",- деди.

Ишембиге караган түнү Москванын борборунда Большой Москворецкий көпүрөсүнө чукул жерде оппозициялык саясатчы, мурдагы вице-премьер-министр Борис Немцовду атып кетишти. Оппозициялык лидердин өлүмүн РПР-Парнас партиясынын Москвадагы бөлүм башчысы Илья Яшин тастыктады. Маалымат каражаттары Немцовду ак түстөгү машинадан белгисиз бирөө тапанчадан төрт жолу атканын жазышты. 55 жаштагы оппозициялык саясатчы алган жараатынан жарыкчылык менен кош айтышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG