Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

23 өлкөнүн элчилиги Бакиевдердин экстрадицияланышын колдойт


Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат. Маалыматка ылайык, кечээ Кыргызстандын Беларустагы элчилигинде өткөн брифингге АКШ, Британия, Орусия баштаган 23 өлкөнүн элчилик өкүлдөрү жана Еврошаркет, ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмадрдын өкүлдөрү да катышкан. Алар Бакиевдердин экстрадициясын талап кылган Кыргызстандын кескин билдирүүсүн түшүнүү менен кабыл аларын жана колдорун билдиришкен.

Бир катар оор кылмыштар үчүн айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн кримтөбөл Алмамбет Анапияев Минскиде өлтүрүлгөнүнө байланыштуу кыргыз милициясынын билдиргенине таянып, президент Алмазбек Атамбаев Беларусту “кылмышкер Бакиевдерди калкалап жатат” деп айыптаган болчу.

Кечээ Атамбаевдин билдирүүсүн сындаган Беларус ТИМи “бул кайрылуу эмоционалдуу мүнөздө экенин жана цивилизациялуу мамлекеттин башчысынын деңгээлиндеги билдирүү эместигин" айткан болчу.(UEz)

XS
SM
MD
LG