Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

Жалал-Абад: окуучулар арасындагы олимпиада видеокөзөмөл алдында өтүүдө


Жалал-Абадда мектеп окуучулары арасындагы олимпиада алгач ирет видеокөзөмөл алдында өтүүдө. Бул тууралуу Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Буга чейин олимпиададагы алдыңкы орундар сатылат деп айтылып келген. Билим берүү башкармалыгы окуучулардын билимин калыс баалоо үчүн көзөмөл катуу болот деп ишендирүүдө.

Кечээ башталган олимпиада бүгүн жыйынтыкталат. Ага 375 окуучу катышып, 12 предметтен өздөрүнүн билим деңгээлдерин сынашууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG