Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:44

Адвокат Прохоров: Немцовду саясий режим өлтүрдү


Оппозиционер Борис Немцовду саясий режим өлтүрдү. Мындай пикирин анын жактоочусу Вадим Прохоров билдирди. Немцовдун таламдаштарынын бири, мурдагы премьер-министр Михаил Касьянов Немцовдун өлүмүн Кремлдин сөз эркиндигине, оппозицияга болгон куугунтугу деп баалады.

АКШ президенти Барак Обама “Немцов өлкөсүнүн талыкпаган коргоочусу болчу. Ал мекендештеринин укугу үчүн күрөшүп келди. Мен анын коррупцияга каршы күрөшкөн эрдигине суктанчумун" деди Обама.

Оппозициялык саясатчы, мурдагы вице-премьер-министр Борис Немцовду ишембиге караган түнү Москванын борборунда Большой Москворецкий көпүрөсүнө чукул жерде атып кетишкен. Оппозициялык лидердин өлүмүн РПР-Парнас партиясынын Москвадагы бөлүм башчысы Илья Яшин тастыктады. Маалымат каражаттары Немцовду ак түстөгү машинадан белгисиз бирөө тапанчадан төрт жолу атканын жазышты. 55 жаштагы оппозициялык саясатчы алган жараатынан жарыкчылык менен кош айтышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG