Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

Каракол: лыжа тепкендерди кейиткен жол


Караколдогу лыжа базасы
Караколдогу лыжа базасы

Каракол лыжа базасы ачылган күндөн бери тоого чыкчу жол оңолбой келет. Жергиликтүү бийлик да, туристтерди кабыл алып жаткан тарап да бул маселени такыр эле унутта калтыргандай.

Эрнис Жапаров быйыл да лыжа тээп, эс алуу үчүн Бишкектен Караколго келген. Айтымы, эс алуу ойдогудай өтүп жатат.

Эрнис лыжа базасында тиешелүү шарттардын баары түзүлгөнүнө ыраазы. Жатакана, тамак-аш, коопсуздук ойдогудай, бирок лыжа базасына чыгып келаткандагы жол жакпады дейт:

- Бардыгы жагат. Бирок жолдор оюлуп, жешилип калган. Жеңил унаа менен келгенбиз, аны менен жүрүүгө дээрлик болбойт экен. Жолтандабастар гана чыдайт. Караколдон чыгып келгенче эле шайды оодарат. Үч жылдан бери ушул жерде эс алабыз. Жыл сайын оңдоп койсо керек деген үмүт менен келебиз. Бирок жылдан-жылга начарлап эле баратат.

Караколдогу база
Караколдогу база

Каракол лыжа базасынын жетекчиси Валерий Буйков жолдорду оңдоо алардын милдетине кирбей турганын айтууда. Антсе да лыжа базанын дарбазасына чейин 500 метр жолго топурак сээп, карды тазалап турушат. Валерий Буйков лыжа базасы салыкты өз убагында, толук көлөмдө төлөп жатканын кошумчалады.

Каракол шаарынан лыжа базага чейин жолдун узундугу 7,5 чакырымды түзөт. Бул аймак Ак-Суу районунун Жол-Колот айыл аймагына карайт. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Караколдогу базанын эс алуучулары
Караколдогу базанын эс алуучулары

Лыжа базасынын эс алуу шарттарына келсек, быйыл баалар өткөн жылдагыдай эле. Мында бир күн кечке муз тебүү чондорго 1100 сом, ал эми балдарга 800 сомдон. Мындан сырткары ижарага лыжа, сноуборддор берилет. Баалары 400 сомдон 800 сомго чейин. Жатаканалар болсо шарттарына жараша 3500 сомдон 9000 сомго чейин чыгат. Каракол лыжа базасынын жетекчиси Валерий Буйков быйыл кардарлардын азайып калганына токтолду:

- Баалар мурдагыдай эле калды. Азыр орустардын рублинин курсу кескин түшүп кеткендиктен кымбаттатуу негизсиз. Анын үстүнө лыжа тепкендердин көбү бизге Орусия, Казакстандан келет. Андыктан быйыл кышкы сезон бүткөнчө баалар бир калыпта кармалат.

Кышкы олимпиаданы өткөрсөкчү?

Каракол лыжа базасына өткөн аптада америкалык сноубордчулар, олимпиадалык оюндардын катышуучулары Жастин Рейтер менен Фей Гулини да конок болуп кетишти. Алар Каракол шаарындагы жана Ак-Суу районундагы балдар үйүнүн тарбиялануучуларына сноуборд тебүүнүн сырларын үйрөтүү үчүн келген.

Караколдогу база
Караколдогу база

Эл аралык даражадагы сноубордчулар бул максатта өлкөдөгү лыжа базаларын кыдырышты. Буга чейин алар Бишкектеги Чуңкурчак лыжа базасында болушкан. Жастин Рейтер борбордогу лыжа базалар менен Караколдун айырмасына токтолду:

- Ооба, мен дароо эле айырманы байкадым. Жалпысынан Бишкектеги Чуңкурчак жана Караколдогу лыжа базаларын өтө керемет экен деп айтам. Анткени Чуңкурчакта лыжа, сноуборд тээп, үйрөнүүгө ыңгайлуу болсо, Караколдун кооздугу мени өтө суктандырды. Эки база тең бардык эл аралык талаптарга жооп берет экен.

Караколдогу база
Караколдогу база

Мындан улам Кыргызстанда кышкы олимпиада оюндарын өткөрүү канчалык деңгээлде реалдуу деген суроо узаттык:

- Жалпы Кыргызстан жөнүндө айта турган болсом, менин оюмча кышкы олимпиада оюндарын өткөрүү үчүн абдан жакшы шарттар бар. Жогорку деңгээлде өткөрсө болот. Бирок тиешелүү даярдыктар керек. Мисалы, ири спорт жайларын куруу керек. Дүйнө жүзүнөн миңдеген конокторду күтүү үчүн өтө чоң мекеме-имараттар керек. Олимпиаданы өткөрүүгө бай мамлекеттер ат салышат. Андыктан Кыргызстан сынактан жеңип алуу үчүн алгач өтө чоң даярдыктарды көрүшү керек.

Каракол тоо лыжа базасында сезон ноябрдын соңунда башталып, 1-апрелге чейин уланат. Буга чейин кышкы спорттун сүйүүчүлөрү КМШ өлкөлөрүнөн гана келип жүрүшкөн болсо, акыркы жылдары Европа жана Америкадан келгендердин саны өсүүдө.

XS
SM
MD
LG