Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:51

2-мартка карата аба ырайы


1-2-мартта жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-км, 198-265 чакырымдары), Бишкек-Талас (Өтмөк ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-км, 145-150 чакырымдары), Каракол-Эңгилчек (45-90 чакырымдары), Бишкек-Нарын-Торугарт (284-295 км, 300-308 км, 353-355 чакырымдары), Казарман-Акталчат (67-94 чакырымдары, Кара-Гөө ашуусу), Миң-Куш-Арал (1-19 чакырымдары) жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9,

Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7,

Баткен облусунда түнкүсүн -3...2, күндүз 2...7,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...3, күндүз 5...10,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7,

Нарында түнкүсүн -14...-19, күндүз 0...-5,

Бишкекте 2-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 0...-2 градус, күндүз 7...9 градус болот.

XS
SM
MD
LG