Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37

Акция Москва бийлиги менен макулдашылган. Уюштуруучулар жүрүштү Славян аянтынан баштап, 27-февралда Немцов өлтүрүлгөн Москворец көпүрөсүнө топтолушат. Буга байланыштуу аталган аймакта жол кыймылы убактылуу чектелет.

Аза күтүү жүрүшүнө президентке караштуу адам укуктары боюнча кеңештин мүчөлөрү Кирилл Кабанов, Борис Кравченко, Сергей Кривенко, Николай Сванидзе, Илья Шаблинский жана Игорь Юргенс байкоочу катары катышары да айтылган.

Аза күтүү жүрүшү 1-мартка белгиленген “Жаз” жүрүшүнүн ордуна өткөрүлүүдө. “Жаз” деп аталган оппозициянын нааразылык акциясы Москванын Марьино районунда өтмөк. Борис Немцов анын уюштуруучуларынын бири болчу.

Бүгүнкү нааразылык акциялары жана Немцовду эскерүү Орусиянын башка да шаарларында өтүүдө. Санк-Петербург бийликтери да жүрүш өткөрүүгө уруксат берген. Хабаровкс шаарында да бүгүн түшкө чейин бир канча адам Немцовду эскеришти.

Оппозиция өкүлдөрү жана укук коргоочулар Немцовдун өлүмүн бийликтен көрүп жатышат. Кремль бул дооматтарды четке кагып келет. Дүйнө лидерлери оппозиционердин өлүмү тыкыр иликтенип, күнөөлүүлөр жазалансын деп президент Владимир Путинден талап кылышууда.

Оппозициялык саясатчы, мурдагы вице-премьер-министр, 55 жаштагы Борис Немцовду ишембиге караган түнү Москванын борборунда атып кетишкен.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG