Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:25

Журналист Листьевдин өлгөнүнө 20 жыл болду


Бүгүн белгилүү орусиялык журналист Владислав Листьевдин киши колдуу болуп өлгөнүнө туура 20 жыл толду.

Ал 1995-жылдын 1-мартында өз үйүнүн алдында өлтүрүлгөн. Ага эки ок атылган, бирөө башына тийип ошол жерден көз жумган. Кол салгандар анын жанындагы акчага жана жеке буюмдарына тийишкен эмес.
Бул 90-жылдардагы эң чуулгандуу буйрутма адам өлтүрүү болгон жана эмдигиче аны ким өлтүрткөнү белгисиз.

Листьев 1956-жылы Москвада туулган. Ал 80-жылдардын экинчи жарымында “Взгляд” атуу телеберүүсү менен болуп көрбөгөндөй атак-даңкка жеткен. Листьев 90-жылдары телевидениеде жетекчи кызматтарда иштеген. Ал “Тема”, “Час пик”, “Поле чудес” сыяктуу мезгилинде прайм-таймды толтурган программалардын алгачкы алып баруучусу болгон. 1995-жылдын январында ОРТнин башкы директору болуп дайындалган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG