Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Тажикстан: шайлоочулардын 81% добуш берди


Москвада тажик мигранттары добуш берип жаткан учур. 1-март, 2015-жыл.
Москвада тажик мигранттары добуш берип жаткан учур. 1-март, 2015-жыл.

Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Шермухаммад Шохиён билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00гө карата Тажикстандын катталган 4 миллион 318 миң шайлоочусунун 81% добуш берди.

Тажикстандыктар бүгүн парламенттин төмөнкү палатасынын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлап жатышат.

Парламенттин төмөнкү палатасындагы 63 депутаттык мандатты сегиз саясий партиядан көргөзүлгөн 288 талапкер талашууда.

Бирок шайлоо негизинен президент Эмомали Рахмондун Элдик –демократиялык партиясынан чыккан талапкерлердин жеңиши менен аяктары күтүлүүдө.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматы добуш берүү учурунда бир эле адам бүткүл үй-бүлөсү үчүн добуш бергенин, шайлоо бекетинде үгүт жүргүзүү өңдүү мыйзам бузуу көрүнүштөрүн документтештирди. (UE)

XS
SM
MD
LG