Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:40

БУУ: Иракта февраль айында 1100 жаран мерт кетти


Чабуулда мерт кеткендерди акыркы сапарга узатуу. Ирак, 2015-жыл.
Чабуулда мерт кеткендерди акыркы сапарга узатуу. Ирак, 2015-жыл.

Бириккен улуттар уюму февраль айында Иракта жайкын тургундар жана аскерлер кошулуп 1100 адам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун курмандыгына айланганын билдирди. 2280 киши жараат алды.

Уюмдун Ирактагы өкүлчүлүгү тараткан баяндамада каза тапкандардын 611и жөнөкөй жарандар экени айтылат. Бул Ирак өкмөтү көзөмөлдөп жаткан аймакка тиешелүү болгон сандар гана. Ал эми “Ислам мамлекети” көзөмөлдөп турган жерлерде мерт кеткендердин саны анык эмес. Каза тапкандар негизинен Багдад шаарынын тургундары.

XS
SM
MD
LG