Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

Жалал-Абадда жаштар “Ак калпак” жумалыгын өткөрүүдө


Мектеп окуучулары улуттук баш кийим менен. Бишкек, февраль.

Мектеп окуучулары улуттук баш кийим менен. Бишкек, февраль.

“Жалал-Абад жаштар коому” уюму 1-марттан 7-мартка чейин облус аймагында “Ак калпак" жумалыгын жарыялады. Бир апта бою уюмдун кызматкерлери жана ыктыярчылары мекеме-ишканаларга барып, мырзаларды калпак кийүүгө үгүттөшөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.

Ал эми 5-март – Ак калпак күнүндө Жалал-Абад шаарында калпакчандардын жөө жүрүшү өтөт.

Кыргызстанда улуттук баш кийимди даңазалаган күн 2011-жылдан бери белгиленип келатат. Бул демилге кинорежиссер Рысбек Жабировго таандык. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG